Жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду
Жаңы жылдык маанайга карата Ош шаарындагы "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин балдарына арналган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамдык иш чара КӨЭАУнун бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.
Салтка айланган иш чарада окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев балдарды майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтышты.
Иш-чаранын алкагында "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунун таланттары балдарга концерттик программа тартуулап маанайларын көтөрүштү.
Соңунда кесиптик бирлик комитети тарабынан балдарга Жаңы жылдык белектер таратылды.