Жаңы жумушчу орундар түзүлдү
Ноокен районунун Бүргөндү айылындагы №28 “Алтын уя” балдар балдар бакчасынын кошумча 85 орундуу имаратынын ачылышы болуп өттү.
Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков, Ноокен райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери айылдын тургундары жана ММК өкүлдөрү катышты.
Айыл өкмөтү, балдар бакчасынын администрациясы жана баштапкы кесиптик уюму менен түзүлгөн Үч тараптуу макулдашуунун негизинде кошумча имараттын долбоору даярдалып, сунушталган.өКошумча имараттын курулушу 2019-жылы башталып, Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан каржыланды. Жалпы суммасы 23 млн. сомду түзөт. Азыркы учурда дагы 8 кызматкер жумушка кабыл алынып, жалпы 25 кызматкер эмгектенет.
Материалды даярдаган: №28 “Алтын уя” балдар бакчасынын профкому А.Жусмаматова