Жаңы жетекчинин алгылыктуу иштери
Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы №25 “Кызыл-Туу” орто мектебинде 2021-жылда бир топ алгылыктуу иштер жасалды.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашуулардын негизинде мектепке 1 820 000 сомдук кичи-футбол аянты, 199 388 сомго көмүркана жана 289 926 сомго спорт залдын терезелери жаңыланды.
Андан сырткары демөөрчүлөр тарабынан усулдук каана толук ремонттон өткөрүлүп, бир класстын полу алмаштырылды.
Жогоруда аталган иштер көптөн бери көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Мектептин жаңы директору Н.Каримкулов социалдык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жетишти. Азыркы учурда мектепте жалпы 36 кызматкер эмгектенип, 377 окуучу билим алууда.
Маалыматты даярдаган: №25 “Кызыл-Туу” орто мектебинин профкому Г.Ормонова