Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаңы жер” башталгыч мектеби фестивалдын жеңүүчүсү аталды

Билим берүү мекемелериндеги  кесиптик бирлик активисттеринин жөндөмдүүлүгүн, талантын жана ишмердүүлүктөрүн арттыруу, ошондой эле кесиптик бирлик уюмуна кадрлар резервин түзүү,  кесипкөйлүүлүктү жогорулатуу менен кесиптик бирликтин  келечегине шарт түзүү максатында бекитилген жобого ылайык 2021-жылдын 20-октябрында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитети тарабынан Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында баштапкы кесиптик бирлик  комитеттеринин төрагалары  арасында  «Профсоюздун күчү-биримдикте, тилектештикте!” аттуу фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалга областтагы райондук, шаардык баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринен командалар катышып, өзүн-өзү тааныштыруу, кесиптик бирликти даңазалоо, “Профсоюзга мүчө бол!” деген тапшырмалар боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

“Жаңы жер” башталгыч мектеби фестивалга “Айкөл” деген ат менен катышып, сахнада мыкты өнөр көрсөткөндүгү үчүн областтык комитет тарабынан ыраазычылык баракча жана 10 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Фестивалга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков катышты.

 

Маалыматты даярдаган: “Жаны жер” башталгыч мектебинин КБКнын төрайымы Г.Жолдошбаева