Жаңы төрагага шайланды
Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Ж.Мавлянов атындагы №14 инновациялык лицей-жатак мектебинин кесиптик бирлигинин төрайымы болуп кыргыз тили мугалими Мамбеткулова Гулкайыр көпчүлүк добуш менен шайланды.
2022-жылдын 4-мартында жаңы төрайым Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинде болуп, обкомдун жооптуу кызматкерлеринен усулдук жардамдарды алды.
Обкомдун төрагасы А.Исмаилов баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын алдындагы милдеттери тууралуу айтып, жаңы төрайымдын иштерине ийгиликтер каалады. Жаңы төрайым көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди, мугалимдердин эмгек укугун коргоо жаатында иш жүргүзүлөрүн билдирди.
Маалыматты даярдаган: обкомдун инспектору А.Айдаров