Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы төрага шайланды

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук  комитетинин кезексиз пленуму болуп өттү.

Пленумга Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Элеманов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Н.Урайимов жана 28 пленум мүчөлөрү катышышты.

Пленумда уюштуруу маселеси каралып, кесиптик  бирликтин Сузак райондук  комитетинин төрагасы  Н.Урайимов  Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик  комитетинин төрагасы болуп шайлангандыгына байланыштуу берген арызы каралып, төрагалык кызмат ордунан бошотулган.

Ал эми кесиптик бирликтин Сузак райондук  комитетинин жаңы төрагалык  кызматына Шерикпай Токтогулов , Нургүл Матмусаева жана Канатбек Сабировдун талапкерликтери сунушталып, шайлоо процесси жабык добуш берүү иретинде өткөрүлдү.

Шайлоонун 1-этабында  Шерикпай Токтогулов 13 добуш , Канатбек Сабиров 9 добуш, Нургүл Матмусаева 6 добуш алып шайлоо 2-этапка калды. Ал эми 2-этапта Канатбек Сабиров 6 добуш,   Шерикпай Токтогулов 22 добуш менен кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин  төрагасы болуп  шайланды.

Пленум мүчөлөрү Токтогулов Шерикпай Керимбаевичти жаңы төрагалык кызматы менен куттукташып, кесиптик бирликтин мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. Ал эми Шерикпай Токтогулов пленум мүчөлөрүнө ишеним көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик бирлик комитетинин мындан аркы  ишмердүүлүгүн жакшыртуу  багытында иштей тургандыгын убадалады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети