Жаңы төрага шайланды
Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигине мүчө болуп 1 мектеп-гимназия, 13 жалпы билим берүүчү орто мектеп жана 12 мектепке чейинки билим берүү мекемесини эмгек жамааты кирген. Бардык мектеп жана бала бакчалардын кошкондо азыркы күндө 920 кесиптик бирликтин мүчөсү катталган.
2021-жылдын 8-октябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаиловдун катышуусу менен Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасын кайра шайлоо болуп өттү.
Кесиптик бирликтин шаардык комитетинин төрагалыгына Утурбаева Мария Төлөгөнөвнанын талапкерлиги көрсөтүлүп бир добуштан колдоого ээ болду. Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы болуп шайланды.
Ошондой эле жаңы шайланган кесиптик бирликтин төрайымы Кызыл-Жар шаарчасындагы №6, Т.Уметалиев, №5, В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана "Теремок", "Байчечекей", "Чабалекей", "Наристе" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эмгек жамааттары менен мугалимдин статусу, мугалимдердин укук жана милдеттери, алардын көйгөйлүү маселелери боюнча жолугушуп келди.
Бул жолугушууда Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин төрагасынын орун басары Урматалиев Чыңгыз Урматалиевич коштоп мугалимдерге , ата- энелерге, окуучуларга жеке өнүгүү, финансылык сабаттуулук, китеп окуу, зордук-зомбулукту алдын алуу, сапаттуу жашоо, экономикалык өзгөрүүлөр, ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча тренингдерди өткөрдү.
Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаардык КБКнын төрайымы М.Утурбаева