Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы төрага шайланды

2021-жылдын 8-октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин кезексиз пленуму бөлүп өттү. Пленумдун ишине обкомдун жооптуу кызматкерлери жана жаштар кеңешинин төрагалары катышты.

Пленумду шаардык комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Б.Т.Девенаева ачып, сөздү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаиловго берди. Пленумда уюштуруу маселеси жана шаардык комитеттин төрагасын шайлоо каралды.

Шаардык комитеттин курамынан Э.Эгизалиева, Б.Деванаевалар чыгарылды. Баштапкы кесиптик уюмдардын токтомдоруна ылайык шаардык комитеттин мүчөлүгүнө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Жоошбаев шайланды. Ал эми шаардык комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Б.Т.Девенаева шаардык комитеттин төрагалыгына М.Т.Үтүрбаеванын талапкерлигин сунуштады.

Шаардык комитеттин мүчөлөрү М.Т.Үтүрбаеванын талапкерлигин колдошту. Шайлоо ачык добуш менен өткөрлдү. Мариям Төлөгөновна Үтүрбаева Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрагасы болуп бир добуштан шайланды.

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Жоошбаев жаңы төрага менен билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин биргеликте чечүү багытында иш алып барарын айтып, төраганы куттуктады.

Жаңы төрага М.Т.Үтүрбаева сөз алып, өзүнө берилген ишенимди актоого, жакшы иштеп берүүгө убадасын берди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов жыйынтыктоо сөз сүйлөп, Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлерине жакшы тилек, каалоолорун билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров