Жаңы окуучу орундар курулууда.
Жаңы окуучу орундар курулууда.
Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүндө жайгашкан №23 Жусупбек Жунусалиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин имаратынын бир бөлүгү авариялык абалга келип калгандыгана байланыштуу анын ордуна жаңы заманбап типтеги мектеп курулууда. Бул мектепте жалпысынан 400 дөн ашуун окуучу билим алат.
1985-жылы ашар жолу менен курулган бул мектептин жаңы имаратынын дээрлик 90% бүтүрүлдү. 100дөн ашык орунга ылайыкташып курулуп жаткан бул имаратка жергиликтүү бюджеттен 4 миллион сом, Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан 2,5 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Ошондой эле Шайдан айыл аймагында жайгашкан №30 Б. Дамашев атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталды. Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан 2 453 847 сом акча каражаты бөлүнүп, сентябрь айына чейин бүтүрүү пландалып жатат.
Материалды даярдаган:
Ноокен райКБКнын
инспектору Т. Бакиров