Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы кесиптик бирлик уюму

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, укук жана эмгекти коргоо инспектору Т.Бакиров № 48 “Салия” балдар бакчасында болушту. Анда жогоруда аталган бакчанын жамаатынан келип түшкөн кайрылуунун негизинде райондук комитеттин курамына кабыл алуу жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымын шайлоо жөнүндө маселелер каралды.

Райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов кесиптик бирлик уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалымат берип, берилген суроолорго жооп берди. №48 “Салия” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы болуп  Сатарова Айбарчын Камытбековна жамааттан сунушталып, бир добуштан шайланды. Ал эми текшерүү комиссиясынын төрайымы болуп Жусупова Жаңыл Кимсановна шайланды.

Ноокен райкомунун  төрагасы К.Нышанов жаңы шайланган баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жана текшерүү комиссиясынын төрайымын куттуктап, аларга бекем ден соолук, иштеринде ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров