Жаңы кабыл алынган Эмгек Кодекси боюнча семинар
2025-жылдын 5-мартында Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан баштапкы уюмдардын төрагалары жана төрайымдары үчүн семинар уюштурулду. Семинар, 2025-жылдын 23-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси боюнча өтүп, бул маанилүү мыйзам тууралуу маалымат берүүгө багытталды.
Семинардын алкагында Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрайымы Кеңеш кызы Айпери тарабынан катышуучуларга Эмгек кодекси тууралуу кеңири түшүндүрмө берилип, кодекстин негизги принциптери жана талаптары менен тааныштырылды.
Ал өз сөзүндө жаңы кодексти кабыл алуунун маанисин жана анын билим берүү тармагындагы кызматкерлер үчүн түзгөн мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, жамаатык келишимдер, макулдашуулар жана эмгек келишимдериндеги шарттарды камсыз кылуу, ички эмгек тартибин сактоо, кызматкерлердин иш милдеттерин жөнгө салуу Эмгек кодексинин негизги максаты экендигин билдирди.
Семинардын алкагында РПКнын техинспектору О.Көчкөнбаев билим берүү мекемелеринде үч тараптуу жана эки тараптуу келишимдердин түзүлүшү, аткаруу тартиптери боюнча кеңири түшүнүк берди.
Соңунда Эмгек кодекси боюнча алган маалыматтар аларга жумуш шарттарын жакшыртууга жана укуктарын коргоого көмөкчү болору белгиленип, семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды.