Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы Эмгек кодекси менен камсыздалды

2025-жылдын 25-мартында Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага жана төрайымдары менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Бөлөкбаев райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерине токтолду.

А.Бөлөкбаев өз сөзүндө кесиптик бирликтин иш-кагаздары боюнча маалымат берүү менен  алардын иретке келтирүү зарылчылыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо максатында аткарылып жаткан иштерге да токтолуп, учурда 5 эс алуу жайы менен келишимдер түзүлүп, кызматкерлерге жолдомолор алынгандыгын билдирди.

Жолугушуунун акырында, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага жана төрайымдарына КР жаңы кабыл алынган Эмгек Кодекси боюнча маалымат берилип, кесиптик бирлик активдерине жаңы Эмгек Кодекси таркатылды.