Жаңы баштапкы кесиптик бирлик уюму түзүлдү
2021-жылдын 9-декабрь күнү Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т. Бакиров №47 “Ландыш” балдар бакчасында болуп, жаңы ачылган бакча менен таанышты. Анда аталган бакчадан келип түшкөн кайрылуунун негизинде райондук комитеттин курамына кабыл алуу жана баштапкы кесиптик уюмунун төрайымын шайлоо жөнүндө маселелер каралды.
№47 “Ландыш” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайым болуп Базарбаева Гулбарчын сунушталып, бир добуштан шайланды. Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов жаңы шайланган баштапкы кесиптик уюмдун төрайымын куттуктап, кызматкерлердин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилиши багыттында кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоодогу иштеринде ийгиликтерди каалады. Ошондой эле бакча кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.
Эске салсак бала бакчанын курулушу 2020-жылдын октябрь айында аяктап, жакында пайдаланууга берилген. Бакчанын курулушуна 19 841 336 сом Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан, 10 006 359 сом Кочкор-Ата шаар мэриясынан бөлүнгөн. Бакча 100 орундуу, азыркы учурда 20 кызматкер эмгектенип жатат.
Маалыматты даярдаган: №47 “Ландыш” балдар бакчасынын профкому Г.Базарбаева