Жаңы бала бакча эшигин ачты
Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн Калинин айлындагы бала бакчанын тарбиялануучулары заманбап жаңы үлгүдөгү имаратка киришти. Жаңы имаратта балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, ал 100 балага ылайыкталган. Анын курулушу Республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү. Бала бакчанын жаңы имаратынын ачылыш аземи 4-декабрда өткөрүлүп, ага президенттин Нарын областындагы өкүлү А.Ашимбаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ж.Жантелиева катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Бала бакчага демөөрчүлөр жана ата-энелерден баалуу белектер берилди. Бала бакчага айылдык кеңештин депутаттарынын чечими менен айылдын тургуну, ардагер мугалим Калича Эсенгулованын наамы ыйгарылды.
Маалыматты даярдаган: Ат-Башы райондук КБКнын төрагасы К.Керималиев