Жаңы бала бакча ачылды
Ак-Суу районундагы Токтогул айылында бала бакчанын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Айыл элинин көптөн күткөн тилектери ишке ашып, сметалык баасы 4 млн.сомдук жумуштар аткарылып, бул мезгилге чейин айыл башчысынын кеңсеси болуп келген имаратка кошумча бөлмөлөр салынып капиталдык ремонт сапаттуу өткөрүлүп, бала бакчага айландырылды. Бала бакчанын ичиндеги керектүү инвентарлар менен камсыздоого айыл өкмөтү өзүнүн бюджетинен 1млн. 235 миң сом бөлүп берген. Бала бакчанын ачылыш салтанатына айыл тургундары жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты. Салтанатты Ак-Булуң айыл өкмөт башчысы Т.Жакыпов ачты. Андан соң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев куттуктоо сөздөрүн айтышып, бала бакчага баалуу белектерди тапшырышты. Кызыл тасма кесилип салтанаттуу иш чарага келишкен адамдар бала бакчанын ички жасалгалары менен таанышышты. Ал эми жаңыдан кабыл алынып, тарбияланып жатышкан жаш бөбөктөр айыл тургундарына чакан концерттик программасын тартуулашты.
Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Л.Кенжебаева