Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы 2023-жылга дем берген жыйын

2022-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун жыйыны болуп өттү. Президиумга борбордук комитеттин президиумунун мүчөлөрү, борбордук комитеттин пленумунун мүчөлөрү, кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук комитеттеринин төрагалары жана борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Жыйында 2022-жылда аткарылган иштер жыйынтыкталып, алдынкы профактивтердин эмгектери татыктуу бааланып Борбордук комитеттин  сыйлыктарын А.Токтогуловдун колунан алышканына өтө кубанышты.

Жалал-Абад областынан төмөнкү профактивтер сыйланышты.

1.“Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча баштапкы кесиптик бирлик комитети " номинациясы боюнча республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болуп табылып жана диплом, баалуу белектер менен сыйланышты:

1. Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы №22 “Гүлкайыр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Машаева Кыял Жигиталиевна(планшет, диплом);

2. Жалал-Абад областынын Ноокен районунун №6 Арал орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы - Эргешова Алтынай Эгемовна(планшет, диплом);

2. Кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн диплом жана кызыктыруучу белек менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин техникалык эмгек инспектору - Айдаров Абдираим Чоңахунович(телефон, диплом);

3.Кыргызстандын кесиптик бирлик иштерине активдүү катышкандыгы үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 27-сентябрь 2022-жыл, №7/3 токтомунун негизинде “Кыргызстан профсоюздарына кызмат кылгандыгы үчүн” төш белгиси менен Камчыбеков Сагынбек - Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областынын Аксы райондук комитетинин төрагасы.

4. Кесиптик бирликтин активине КР Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты менен Бегматов Анарбай Турдубаевич - Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

Биз профактивтерди Борбордук комитеттин сыйлыктары жана белектери жаңы 2023-жылга дем берип, жаңы ийгиликтерге жетишүүгө шыктандырды. 

Жалал-Абад областынын профактивдери Боборбордук комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулович Токтогуловго жана аппарат кызматкерлерине ыраазычылыктар билдирип, жаңы 2023-жылда үлкөн жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайбыз!

 

Маалыматты даярдаган:Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров