Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар кеңеши аракетте

2022-жылдын 21-февралында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комититетинин төрайымы М.Ш.Маткаримова Жаштар кеңешинин курамы менен жыйын өткөрүп, окуу жайда студенттердин окуп билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар талапка ылайык түзүлгөндүгү тууралуу маалымат берди. КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Уставына  жана баштапкы уюмдар жөнүндө жобосуна ылайык университеттин жетекчилиги менен түзүлгөн жамааттык келишимдин негизинде  биргелешип иш жүргүзүүнүн натыйжасында, бардык түзүмдөрдө профактивдерди тактап, кесиптик бирликтин биримдигин камсыздоо менен иштөө маселелери колго алынгандыгы белгиленди.

Жаштар кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маселе талкууланып, студенттик кесиптик бирлик мүчөлөрдүн санын арттыруу, алардын эмгек укугун коргоо, ден соолугуна жана эс алуусуна кам көрүү, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү, кайрымдуулук иштерин жүргүзүү жаатында иш-аракеттер белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун жаштар кеңешинин төрагасы А.Усенов