Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш ойлоп табуучулардын инженердик-техникалык кароо сынагы

    Кадамжай районунда 2018-жылдын 29-январында «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» иш чараларынын алкагында жаш ойлоп табуучулардын инженердик-техникалык кароо сынагы болуп өттү.

Кароо сынак №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында өтүп  ага райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 18 мектептин окуучулары катышышты.

Сынактын жүрүшүндө окуучулар ойлоп таап жасаган буюмдарын көргөзмөгө чыгарышты.

Ошондой эле  иш чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү  бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмүнө  караштуу мектептердин мугалимдери жана окуучулары катышышты. Сынактын жыйынтыгында  жеӊүүчүлөр аныкталып, 4 окуучу республикалык, 13 окуучу облустук турга жолдонмо алышты.  Жеӊүүчүлөр уюштуруу тобу тарабынан баалуу сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты.