Жаш мугалимдерге айыл аймагы колдоо көрсөттү
Чоӊ-Алай районундагы Чоӊ-Алай айыл аймагы Кыргыз Республикасынын
«Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык окуу жайын жаӊыдан бүтүрүп, айыл аймагындагы мектептерге иштегени келген 10 жаш мугалимге чарбачылыгын жүргүзүү үчүн ар бирине 10 000 (он миӊ ) сомдон,
жалпы 100 000 (жүз миү) сом акча каражатын бөлүп, жаны жылдык өзгөчө белек катары тартуулады. Жаш мугалимдерге акча каражаттары айылдык Кеӊештин жаӊы жыл алдындагы сессиясында салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Салтанатка айылдык Кеӊештин депутаттары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Бактыбаев, айыл аймагынын башчысы Т.Жайчибеков, мектеп директорлору катышышты.
Биздин райондогу айыл аймактары мамлекеттик дотацияда олтургандыктан
көп жылдардан бери бул маселеге көӊүл бурулбай келген. Быйылкы жылы Чоӊ-Алай айыл аймагы райондун тарыхында биринчи жолу жаш мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүп, жакшы саамалыкты баштап берди.
Эми башка айыл аймактары да бул саамалыкты колдоого алып, жаш мугалимдерге материалдык колдоолорду көрсөтөт деген ишеним пайда болууда.
Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Чоӊ-Алай райондук
комитетинин төрагасы А.Бөрүбаев