Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаш профлидер-2021” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

2021-жылдын 3-ноябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинн Жалал-Абад областтык комитетинин Жаштар кеңеши тарабынан уюштурулган “Жаш профлидер-2021” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Комиссия райшаааркомдор, окуу жайлардан берилген материалдарды карап чыгып жеңүүчүлөрдү аныктады.

Ноокен районунун №42 «Нур-Айым» МЧББУнун баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Тешебаева Жумагүл Мамадалиевна “2021-жылдын мыкты жаш профлидери” областтык кароо-сынагынын жеңүүсү деп табылды.

Ал эми төмөнкүлөргө ”Жаш профлидер-2021” областтык кароо-сынагынын номинациялары берилди.

“2021-жылдын мыкты санарип-инновациялык профлидери” номинациясына    Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин жаштар кеңешинин төрайымы Ширинбекова Бактыгүл Айдаровна татыктуу болду.

“2021-жылдын мыкты илимий профлидери” номинациясы  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштар кеңешинин төрагасы А.Усеновго жана “2021-жылдын мыкты эмгекчил профлидери” номинациясы Сузак районунун “Манас” орто мектебинин жаштар кеңешинин төрайымы А.Сулаймановага ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: областтык КБКнын инспектору А.Айдаров