Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жаш педагог-келечектин үмүтү "

2024- жылдын 23-октябрында Чүй -Токмок билим берүү бөлүмүндө "Жаш педагог-келечектин үмүтү " аталышындагы  жаш адистерди педагогдун катарына кабыл алуу иш-чарасы  болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында жаш педагогдор алгачкы иш күнүн жана алгачкы сабагын сахнада чагылдырышып, өздөрүнүн шыктарын жана таланттарын көрсөтүштү.

Түйшүктүү кесипти аркалап келген улуу насаатчы мугалимдердин куттуктоо сөздөрү жаш педагогдорду алдыга үндөө менен келечек ээлерин  таптоого, окутууга жол көрсөтүүгө чыйыр салды.

Жаш педагогдордун кесиптик ишинин  үзүрлүү, байсалдуу болушуна карата Токмок шаарынын жана Чүй районунун кесиптик бирлик комитети тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Токмок шаардык комитети