Жаш кадрларга методикалык жардам
Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кесиптик бирликтин жаштар кеңеши менен биргеликте «Санариптик технологияны сабак берүүдө колдонуу усулдары» деген темада жаш мугалимдерге методикалык жардам катары райондук семинар болуп өттү. Бул семинарда Т.Уметалиев мектебинин жаштар кеңешинин төрагасы жана информатика мугалими Базаралы уулу Эрмек санариптик технологиянын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, аны практика жүзүндө көрсөтүп өттү. Жаш муундарга билим берүүдө жаңы ыкмаларды пайдалануу, санариптик сабактарды даярдоо, көрсөтүү, сактоо боюнча кеңири айтып берди. Бул семинарга райондук кесиптик бирлик комитетинин методисти М.Өмүрбекова катышып, жаш мугалимдерге ийгилик каалап, мындай семинарларды көп өткөрүп турууну сунуштады. Жаңы келген кадрларды туура багытта жол көрсөтүп, тарбияласа келечекте билим берүү тармагында мыкты мугалимдер чыгат десек болот.
Маалыматты даярдаган: Т.Уметалиев ат. о.м. КБКнын төрайымы Н.Сейдилова