Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаратылыш-жан дүйнөнүн байлыгы”

    2017-жыл  “Ыйман, адеп жана маданият жылына”  карата  №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Жаратылыш жана биз, эриш-аркак келебиз” деген темада райондук дээӊгелде семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты жаратылыштагы  жандуу жана жансыз заттарды айрып таанытуу менен бирге окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу, аяр мамиле жасоого багыт берүү, табигый байлыктарды  сарамжалдуулук  менен пайдалана билүүгө багыттоо, жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбиялоо. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев жана жалпы билим берүүчү орто мектептеринин директорлору менен химия, биология мугалимдери катышышты. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары №8 Маатмуса Абдыжапаров атындагы орто мектебинин педагогикалык жамаатына семинарды жогорку дээӊгелде уюштургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитети