“Жандай көргөн кесибим” кароо-сынагы
2024-жылдын 24-сентябрында Баткен шаарында Баткен областындагы Балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдеринин арасында “Жандай көргөн кесибим” аталышында “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын областтык туру өткөрүлдү.
Иш-чарага Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.Эркебаев жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков катышып, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Кароо сынакта катышуучулар жобого ылайык “Өзүн-өзү тааныштыруу”, “Ачык сабактар”, “Долбоор жазуу”, “Усулдук кейс” боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчиликтери көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен I орунга Баткен районундагы “Алтын түйүн” балдар чыгармачыл борборунун мугалими Айтбай кызы Наргиза, II орунга Кадамжай районунун балдар чыгармачыл борборунун мугалими К.Джалалова, III орунга Баткен районунун балдар чыгармачыл борборунун мугалими Ф.Орозова ал эми IV орунга Сүлүктү шаарынын балдар чыгармачыл борборунун мугалими А.Абдурахманова ээ болушту.
Кароо сынактын женүүчүлөрүнө жана активдүү катышкан мугалимдерге Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун дипломдору жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Баткен областтык Кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси:Гапарали уулу Мансур