ЖАМУнун мырзасы-2023
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети президиумдун чечими менен окуу жайыбыздын салтанаттуу мааракесине карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында иш-чараларды уюштуруп өткөрүүдө активдүү аракеттери менен профсоюздук ишмердүүлүктү жүргүзүп келүүдө.
2023-жылдын 21-февраль күнү ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “ЖАМУнун мырзасы” аттуу конкурстун финалы болуп өттү.
Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик билигинин Жалал-Абад областык комитети ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетине колдоо көрсөтүү менен бардык он конкурсантка “Арстанбап Ата” турбазасында үч күндүк акысыз эс алуу үчүн жолдомо бөлүп берди.
Конкурска он мырза катышып, программа боюнча жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү менен күйөрмандарга көнүлдүү маанай тартуулашты. Атайын куралган калыстар тобу конкурсанттардын эмгегин калыс баалап, жыйынтыгын чыгарып, 2023-жылдагы ЖАМУнун мырзасын аныкташты. Натыйжада экономикалык-юридикалык факультеттин биринчи курсунун студенти Осмонов Актан Русланович ЖАМУнун мырзасы деп табылды.
ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш.Маткаримова жалпы жамаатты “23-февраль-Ата мекенди коргоочулар күнү” майрамы менен куттуктап, конкурстун катышуучуларына “Арстанбап Ата” турбазасына эс алуу үчүн берилген жолдомонун сертификатын тапшырды. Ошондой эле конкурстун демөөрчүлөрү болуп:
- Жалал-Абад шаарынын жаштарынын арасындагы заманбап азем көйнөктөрдүн дизайнер-конструктору Ж.Ч.Камбаралиева;
- Жалал-Абад шаарынын жаш ишкери, “Кусок пиццы” тез татым борборунун негиздөөчүсү А.А.Маманов;
3. Республикабызга белгилүү болгон мырзалардын жана жигиттердин дүйнөлүк бренд костюмдарынын борбору “Center Costumes” борборунун Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Маметова Айпери Орозбековналар өз белектерин тапшырышты.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети