Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУда Афган согушунун ардагерлерине сый көрсөтүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети 2023-жылдын 14-февраль күнү жоокер интернационалисттерди эскерүү күнүнө арналган “Эсибизде, биз жашайбыз!” аттуу тематиканын алкагында иш чара өткөрдү. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  үзүрлүү эмгектенип жатышкан  Ооган согушунун  алты ардагери, К.Ж.Усенов, А.О.Шерматов, М.И.Мамытов, Ш.Ш.Нурдинов, Ы.С.Джоробаев жана Р.Ю.Сарымсаков  агайларыбыз иш чаранын негиги коноктору болушуп, Оогандагы апааттуу күндөрдү эскеришип, учурдагы кырдаалга ой чаптырышып, келечекке карата тилек, каалоолорун айтышып, жаштарга таасирдүү маек куруп беришти.“Эң башкы сыйлыгыбыз,  бидин өмүрүбүз болду, баары эсибизде, биз жашайбыз!”-дейт ардагер агайыбыз Абдыжапар Орунбаевич Мамытов.

Иш чарага Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин жамааты, факультеттин декканы ф.и.к., доцент Р. Шамшиев баш болуп, активдүү катышышып, ардагерлерибизге каалоо тилектерин айтып, белектерин тапшырышты.

ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетин төрагасы М,Ш.Маткаримова  ардагерлерибизди куттуктап сөз сүйлөп, Ооган согушунун каармандарына  каалоосун айтып, таазим кылаарын билдирди жана президиумдун       2023-жылдын 31-январындагы №1 кеңешмесинин чечими менен аларга комитеттин бюджетинен акчалаай сый белек тапшырды.

Кеченин жүрүшүндө Ооган согушу тууралуу статистикалык маалыматтарды камтыган  видео роликтер көрсөтүлүп, ырлар окулуп, музыкалык чыгармалар аткарылып, көңүлдүү маанай тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети