Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУ: БИЗ БАТКЕН МЕНЕН!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети 2022-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун онлайн жыйынынын “Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жапа чеккен, турак-жайларына материалдык зыян келтирилген кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү жана жалпы республикалык кыймылга активдүү катышуу жөнүндө” онлайн жыйынынын “БИЗ БАТКЕН МЕНЕН” чакырыгына жооп катары бир топ иш аракеттерди жүргүзүүдө.

Окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы, студенттер жалпы жамаат кесиптик бирлик бюролорунун түздөн-түз катышуусу менен областыбызда алгачкылардан болуп, азык түлүк, кийим кече, жамынчы төшөнчүлөрдөн турган материалдык колдоону Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында күнү-түнү үзгүлтүксүз  иштеп жаткан атайын штабка өткөрүп беришти. Бардык кызматкерлердин 2022-жылдын сентябрь айынын бир күндүк эмгек маянасы 500 000 сом жана ыктыярдуулардан топтолгон 500 000сом кошумча болуп,  республикалык атайын эсепке жалпы 1 000 000 сом которулду.

Ал эми ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин кесиптик бирлик бюросунун аракети менен топтолгон 92000 сом жана кошумча жамааттын өкүлдөрүнөн топтолгон 30 000 сом жалпы 122 000 сом каржы каражаты БатМУнун, Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан турак-жайы күйүп кеткен, эки кызматкерине 46 000 сомдон, бир кызматкерге 30000 сом  ар биринин эсеп карталарына накталай которуп берүү жолу менен колдоо көрсөтүлдү.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкери, дарыгер Актилек Курсантбаев каргашалуу окуядан жабыркаган элге медициналык жардам  жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн мобилдүү топтордун курамында  иштеп, Баткен областынын Ак-Сай, Галавной, Төрт-Көчө,  Кызыл-Бел, Кара-Бак, Достук, Миң-Булак, Как-Сай, Көк-Таш, Самаркандек, Бужум, Кадамжай, Төрт-Көл, заставаларында да болуп, тиешелүү жардамдарды көрсөтүп, кеп кеңештерин айтып, консультация берип, жалпы коомчулктун кадимки жашоого кайтуусуна өзүнүн салымын кошуп келди.

Ошондой Жалал-Абад шаарынан түнөк таап, убактылуу жашап жатышкан Баткендин чек ара аймагында жайгашкан Достук айылынын тургундарына, 21 мүчөдөн турган үй бүлөөгө зарыл керектелүүчү каражаттарын толуктап берүүгө жакындан жардам көрсөтүлдү.

Тармактык кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жапа чеккен, турак-жайларына материалдык зыян келтирилген кесиптик бирлик мүчөлөрүнө жардам көрсөтүү жана жалпы республикалык кыймылга активдүү катышуу жөнүндөгү “БИЗ БАТКЕН МЕНЕН” чакырыгын колдойбуз, ЖАМУда жардам көрсөтүү улантылууда!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети