Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абадда кезексиз Пленум болуп өттү

2024-жылдын 29-февралында билим жана илим кызматкерлеринин   кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин кезексиз  Пленуму болуп өттү. Ага Пленумдун 20 мүчөсү жана райондук, шаардык  комитеттердин төрагалары, областтык  комитеттин жооптуу кызматкерлери катышты.

Пленумда уюштуруу маселелери каралды.

Жалал-Абад  областтык  комитеттин төрагасы Исмаилов Абдукахар  Араповичтин ден-соолугуна байланыштуу төрагалык кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызы канааттандырылды.

Жалал-Абад областтык комитеттин  төрагалык кызматына билим жана  илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин  төрагасы болуп иштеп жаткан Примкулов Мусабай Маматовичтин талапкерлиги сунушталып, ачык добуш берүү жолу менен пленумдун  мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

А.Исмаилов “Кесиптик  бирликтин  мыктысы” областтык төш белгиси менен сыйланды.  

Пленум мүчөлөрү жаңы  шайланган төрага М.Примкуловко областтык комитеттин ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалашты.

 

 

Примкулов Мусабай Маматович  - 1964-жылдын 8-августунда Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Теелес айылында туулган.

Ошол эле айылда орто мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факултетинде жогорку билимге ээ болгон.

Эмгек жолун 1991-жылы Сузак районундагы Темирбаев атындагы орто мектепте математика мугалими болуп баштап, 2010-2019-жылдар аралыгында ушул эле райондогу Ынтымак орто мектебинин директору болуп иштеген.

2019-2020-жылдары билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областынын Ноокат райондук комитетинин техникалык инспектору кызматынан Жалал-Абад областына которулуп, ошол эле жылдын ноябрь айынан баштап Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык инспектору кызматына дайындалган.

2024-жылдын 29-февралындагы кезексиз пленумунда билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагалык кызматына шайланды.

Yй-бүлөлүү.

 

Маалыматты даярдаган: А.Айдаров - кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору