Жалал-Абад обкомунун конференциясы
2016-жылдын 20-майында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук отчеттук кайра-шайлооVI конференциясы өткөрүлдү.
Конференцияга 41 делегат шайланган болсо, анын ичинен 39 делегат катышты.
Күн тартибине 6 маселе коюлду.
Облустук комитеттин 2011-2016-жылдары жүргүзгөн иштери жөнүндө анын төрагасы К.С.Мурзакматов отчет менен чыгып сүйлөдү.
Текшерүү комиссиясынын иштери жөнүндө К.Сыргабаев доклад жасады.
Күн тартибиндеги 2 доклад боюнча докладдар угулгандан кийин жарыш сөздөргө профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрайымы З.А.Тургунбаева, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Υсенов Т.Ж., Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдер сүйлөштү.
Мандат комиссиясынын доклады менен анын төрайымы А.Каракозуева тааныштырды. Мандат комиссиясынын доклады делегаттар тарабынан бекитилип, делегаттардын ыйгарым укуктары тастыкталды.
Жарыш сөз улантылып, Ала-Бука районундагы Р.Кулуев атындагы орто мектептин профкомунун төрайымы Кутманова Кымбат, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттер профкомунун төрайымы Айтбек кызы Нурайым, Сузак районундагы Мичурин атындагы орто мектептин директору Б.Акматова, Аксы районундагы «Жеткинчек» балдар бакчасынын директору К.Жапаркулова, профсоюздардын Жалал-Абад облустук Кеңешинин төрагасы З.Жусмаматов өз ойлорун ортого салышты.
Жарыш сөздөр токтотулуп, делегаттар тарабынан обкомдун 2011-2016-жылдары жүргүзүлгөн иши боюнча токтом кабыл алынып «канааттандырарлык» деп табылды.
Облустук текшерүү комиссиясынын доклады бекитилди.
Конференциянын делегаттары 29 адамдан обкомдун жана катары 5 кишиден турган облустук текшерүү комиссиясынын курамын бекитишти.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралып, бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович сөз сүйлөдү.
Обкомдун төрагасы К.Мурзакматовдун кызматынан бошотуп коюу жөнүндөгү арызы менен Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов тааныштырды.
К.Мурзакматовдун арызы жалпы делегаттар тарабынан канааттандырылды.
Обкомдун төрагалык кызматына буга чейин профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы болуп иштеген Исмаилов Абдукахар Араповичтин кандидатурасы сунушталып, ал бир добуштан шайланды.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, билими берүү жана илим кызматкерлеринни профсоюзунун Ош обкомунун төрагасы, Борбордук Комитеттин төрагасынын орун басары Тойгонбаев Сабыр Абдувапович, профсоюздун Жалал-Абад облустук Кеңешинин төрагасы Жусмаматов Закир Жусмаматович, Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытович, Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору Токтосунов Акылбек Адешович, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.
Конференциянын ишин жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович кеңири сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо социалдык өнөктөштөр менен диалогду учур талабына жараша жүргүзүү, тармакта профсоюздун катарын өстүрүү менен кадыр-баркын көтөрүү сыяктуу орчундуу маселелерге басым жасады.
Конференция өз ишин аяктады.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин жаңы төрагасы жөнүндө маалыматтар
Исмаилов Абдукахар Арапович
Туулган жылы: 15.04.1961-жыл
Улуту: Кыргыз
Билими: Ош мамлекеттик педагогикалык институту (ОГПИ) Филология факультети, Орус тили жана адабияты мугалими. |
Эмгек ишмердүүлүгү: |
|
1977-1979-жж |
Ош шаарындагы Атабаев атындагы орто мектептин пионердик жетекчиси. |
1979-1981-жж |
Советтик Армияда кызмат өтөө. |
1982-1988-жж |
Ош мамлекеттик педагогикалык институту |
1988-1989-жж |
Сузак районундагы Ворошилов атындагы орто мектептин орус тили жана адабият мугалими |
1989-1991-жж |
Ушул эле мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орунбасары |
1991-1993-жж |
Жалал-Абад облусунун губернаторунун жардамчысы |
1993-2005-жж |
Сузак районундагы Ворошилов атындагы орто мектептин директору |
2005-2016-жж |
Профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы |
2016-жылдын 20-майдан баштап |
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы |
Сыйлыктары: |
|
1999-жыл |
«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси |
2007-жыл |
«Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюзунун отличниги» төш белгиси |
2009-жыл |
Областтык шайлоо комиссиясынын «Ардак грамотасы» |
2011-жыл |
Сузак районунун «Ардактуу атуулу» |
2013-жыл |
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» |
2013-жыл |
Кыргыз Республикасынын профсоюзунун Борбордук Комитетинин «Жылдын Мырзасы» Ардак наамынын ээси. |
Υй-бүлөлүү, уул-кыздарды жана неберелерди тарбиялап өстүрүп жаткан чоң-ата жана таята.
Обкомдун уюштуруу бөлүмү