Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарынын мыкты тарбиячысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаш муундардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” жана “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, шаарыбыздын  аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, мектепке чейинки билим берүү, мектепке даярдоо жана балдарды өстүрүү жаатындагы иштерди жүргүзүү боюнча чыгармачыл тарбиячыларды аныктоо, тандоо жана дем берүү, алардын иш тажрыйбаларынын базасын түзүү, жайылтуу жана тарбиячылардын кесипкөйлүк чеберчиликтерин жогорулатуу максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 15-сентябрындагы №214 буйругу чыгарылып, “Жалал-Абад шаарынын мыкты тарбиячысы-2021” шаардык сынагы жөнүндөгү Жобосу бекитилди.

Жобонун негизинде 2021-жылдын 14-октябрь күнү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, ал эми шаардык этабы 2021-жылдын 22-27-октябрь күндөрү, санитардык гигиеналык талаптарды так аткаруу менен №3 “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында өткөрүлдү.

“Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” шаардык сынагынын калыстар тобунун курамынын чечиминин негизинде, №17 “Каакым” балдар бакчасынын тарбиячысы Д.Калбердиева “Гран-прини” ээлеп кесиптик бирлик комитети тарабынан коюлган “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясына 10 күндүк жолдомону жеңип алды. Ал эми, 1-орунду №4 “Алтын балалык” балдар бакчасынын тарбиячысы Л.Арапбаева, 2-орунду №14 “Ак Тилек” балдар бакчасынын тарбиячысы Г.Жаныбекова, 3-орунду №33 “Ак-Кайың” балдар бакчасынын тарбиячысы Г.Кулушовалар ээ болушту.

Баалоо критерийлери боюнча жогорку көрсөткүчкө жетишкен тарбиячыларга номинациялар ыйгарылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков