Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагы өтүп жатат
Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2021” кароо-сынагы өтүп жатат. Сынак Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик комитетинин демилгеси менен жарыяланып, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен өтүп жатат.
«Жылдын мыкты тарбиячысы-2021» кароо сынагына шаардагы тарбиячылар катышууда. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзүү, педагогикалык суроолорго жооп берүү, актёрдук чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Кароо-сынактын максаты шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш-тажрыйбаларын жайылтуу, окуу-тарбия иштерин уюштуруу жана өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.
Сынак үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом акча каражты бөлүнгөн. Сынактын жеңүүчүсү кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан 10 күнгө Ысык-Көлгө жолдомо, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланат.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков