Жалал-Абад областынын Ала-Районундагы Баймак айылында Н.Жайлообаевдин 120 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү
Салтанатта райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы райондун акими Абдыкадыров Эмилбек Исакулович куттуктоо сөздөрүн айтып Н.Жайлообаевдин ысмын алып жүргөн мектеп жааматына окуучуларга жалпы айылдын элине ийгиликтарди каалап, Н.Жайлообаевдин уул кыздарына, неберелерине ыраазычылык билдирип өттү.
Андан кийин райондук ардагерлер кеӊешинин төрагасы Максымбеков Саматкул, Филология илимдеринин кандидаты Рыспаева Салима, Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакып, Жайлообаевдин окуучусу Парпиев Иманкул (90 жашта) жана башка көптөгөн жолдоштор куттуктоо сөздөрүн айтууга жетишти.
Салтанатта Н.Жайлообаев атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан уюштурулган ыр бийлер коштоду.
Н Жайлообаев көп кырдуу сейрек учуроочу улуу инсан.
Эл үчүн «улуу иш» «өрнөктүү эмгек» «өлбөс –өчбөс» эрдиктерди жараткан адамдарды, кадырлашат эмеспи.
Биз мына ушундай улуу инсан катары Н Жайлообаевдинн ысымын атап алабыз
Анткени ал ким болгон
Ал –тарыхчы , котормочу
Ал –окумуштуу
Ал –Аксы ,Чаткал, Ала-Бука өрөөнүндөгү алгачкы агартуучу
Ал-келечекти көрө билген көсөм
Ал-чебер багбан
Ал-жогорку деӊгээлдеги адамдык сапат адамгерчиликтин ээси болгон
Анын мындай асыл сапаттарын жасаган иштеринен тарых тастыктап жатпайбы
Бул улуу инсандын өз элинин тарыхын өтө кастарлаганын атасынан мурас калган тарыхый баалуу китептерди өтө абайлап, канча тоскоолдуктарга, куугунтуктоолорго, коркутуп үркүтүүлөргө карабай абайлап сактап өз учуру келгенде ишеничтөө колдорго тапшырганынан көрөп турабыз.
Ал «Раузатул сафи»
«Мажму ат табарих»
«Тарихи Мавераннагр»
«Тарихи Паргона»
«Тарихи Орто Асиӊ»
«Тарихи Надира» деген баалуу китептерди сактап да жыйнап да жүргөн.
Н.Жайлообаев сактаган тарыхтын баалуу казынасы жөнүндөгү маалымат 1968-жыл 24-январда «Кыргызстан маданияты» газетасына жарыяланган Т.Касымбековдун макаласынан кийин бүтүндөй Кыргыз элине белгилүү болду.
Анткени 1967-жылдын ноябрында молдо Назармат сактап келген тарыхый китептерин Кыргыз ССРинин илимдер академиясына өткөрүп берген эле.
Бул улуу инсан тарыхый китептерди сактап гана жүрбөстөн фарсы тилинен которуп төрт нуска кылып, калтырып да кеткен. Бул анын улуу эмгеги деп сыймыктануу менен айта алабыз.
Молдо Назармат сактаган «МажмуАт-Таварих» (Тарыхтардын жыйнагы) китеби xv кылымда Сайпидин ибн дамулла Шах Аббас Аксикенти менен уулу Нооруз Мукаммат тарабынан фарсы тилинде жазылган. Китептин мазмунунда кыргыздардын келип чыгыш тарыхы мусулман дининин жайылышы, кыргыздардын бир нече жолу душман жоортулуна туш болушу, ал согуштардагы жоготуулары, жеӊиштери мусулман дининен кайтпаган эрдиктери баяндалат.
Мындай нукура тарыхый байлык кыргыз элинин тарыхый, байыркы, түптүү элдерден экендигин дагы бир жолу дүйнө элдеринин арасында тастыктап жатпайбы.
Сөз башында Молдо Назармат Аксы, Ала-Бука, Чаткал өрөөнүнүн алгачкы дүйшөнү деп белгилебедикби. Анткени 1918-жылы 17-ноябрда ушул өрөөндө биринчи жолу Өрүктү -Сайда алгачкы мектеп ачылат. Ал мектепке кедей кембагалдардын балдары тартылат. Молдо Назармат ушул жерде алгачкы агартуу ишин баштайт. Ал эми 1920-жылы Ала-Бука районунун аймагында жаӊы совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн басмачылардын кыймылы күчөйт. Ушундай шартта балдарды окутуу өтө кыйынга турган. Анткени Назармат «капырлардын окуусун окутуп жатат» деген жалаа менен мектептерди өрттөп, устаздын өзүн куугунтукка алышкан учурлары көп болгон.
Мындай кырдаалга карабай Н.Жайлообаев балдарды окутууну уланткан. Анын эӊ алгачкы окуучулары элге таанымал өз мезгилинин активдүү адамдары болушкан.
М: Маат Базаралиев
Абдыракман Жуманаров
Орозалы Курманалиевдер.
Алар басмачыларды түп тамырынан жок кылууга, совет бийлигин орнотууга жан дили менен кызмат кылышкан.
Назармат өтө чебер багбан да болгон. Аны айылдаштары биздин айылдын Мичурини деп сыйлашкан. Себеби анын өстүргөн багынан мөмө-жемиштердин көп түрлөрүн жолуктурууга болгон. Түрдүү сорттогу алмалар, түрдүү сорттогу өрүктөр, жүзүмдүн бир нече сорту, анардын түрлөрүн өстүргөн.
Түшүм бышкан маалда айыл-ападагылар, урук-туугандар, кошуна айылдагыларды келишип, даам татышкан. Тоого кеткен малчылар да келип, бактан мөмө-жемиштерди ташып турушкан. Устаздын улуу адамгерчилиги, айкөлдүгү, берешендиги бактын берекесине береке кошкон сыяктанат. Ал бак канча адамды тойгузган дешет аксакалдар.
Ал тургай бул өрөөндө ааары өстүүнү биринчилерден болуп колго алган, бал өндүргөн.
Агай устаздык улуу ишин Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда да үзгүлтүксүз уланткан.ал тургай ачка калган балдарга тамак-аш берүүнү уюштурган. Айылда атала бышыртып тараткан. Ал эми эл арасында элдин патриоттуулукка чакырып, элдин духун көтөрүп, жеӊишке шыктандырган.
Назармат Жайлообаевдин эмгеги эл жана өкмөт тарабынан бааланып, бир нече сыйлыктар менен сыйлангандыгын баарыбыз билебиз. 1988-жылы өзү жашаган Баймак айылындагы мектепке анын аты коюлган. Устаздын өрнөктүү өмүр жолу урпактарга үлгү болсун, атын кийинки муун сыймыктануу менен алып жүрсүн деген сунуштар менен бул демилгени ушул мектептин ошол кездеги география мугалими А.Токторбаев демилге көтөрүп чыгып уюштуруу иштерин жүргүзгөндүгүн белгилеп кетсек.
Даярдаган: Уюштуруу тобу.