Жалал-Абад областык кесиптик бирлик комитетинин кезексиз пленуму
2024-жылдын 23-сентябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин кезексиз пленуму өткөрүлүп, пленумдун ишине КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М. Примкулов катышты.
Пленумдун күн тартибинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал- Абад облустук комитетинин пленумдун курамынан мүчөлөрдү чыгаруу жана киргизүү жөнүндө;
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы М.Примкуловду кызматынан бошотуу боюнча маселени кароо жөнүндө;
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө жана ар түрдүү маселер каралды.
Пленумдун жүрүшүндө Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы М.Примкуловдун КР Билим илим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы болуп шайлангандыгына байланыштуу, областтык комитеттин төрагасы кызматынан бошотулуп, президиумдун курамынан чыгарылды.
Төрагалык орунга кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиевдин, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматовдун жана кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин төрагасы Н.Урайимовдордун талапкерлиги көрсөтүлүп, бирок Ж.Дурусалиев жана А.Бегматов талапкерлигин алып коюшту.
Жыйынтыгында 21 мүчөдөн 21 мүчө ачык добуш берүү менен, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы болуп Н.Урайимов шайланды.
Кезексиз пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М. Примкулов катышып, жаңы төрага Н.Урайимовду кызмат орду менен куттуктады жана кесиптик бирлик комитинин алдында турган маанилүү маселелерди белгиледи.
Маалыматты даярдаган: Даярдаган: Жалал-Абад обкомунун бөлүм башчысы А.Бегматов.