Жалал-Абад областтык комитеттин президиуму
2022-жылдын 29-апрелинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү, анда президиум мүчөлөрү, райшааркомдордун төрагалары, обкомдүн жооптуу кызматкерлери катышышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып талкүүланды:
- “Кесиптик бирликтин активин окутуу – кесиптик бирликтин ишинин сапатынын өбөлгөсү” багытында аткарылган иштер жөнүндө.
- “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин мыкты райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын облустук турун өткөрүү жөнүндө.
- Ар түрдүү маселелер.
Президиумдүн күн тартибиндеги 1-2-маселелер боюнча облустук комитеттин төрагасы А.Исмаилов кыскача маалымат берди. Талкууда президиумдун мүчөлөрү, райшааркомдордун төрагалары активдүү катышып, баалуу сунуштарын беришти.
Ар түрдүү маселелер боюнча да талкуу кызуу жүрдү. Президиумдун катышуучулары тарабынан иштиктүү ой-пикирлер айтылды, жаңы демилгелер, сунуштар билдирилди.
Обкомдун төрагасы А.Исмаилов жана обкомдун жооптуу кызматкерлери катышуучулар тарабынан берилген суроолорго ынанымдуу жоопторду беришти.
Президиум кеңешмеси күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдорду кабыл алды.
Маалыматты даярдаган: областтык КБКнын инспектору А.Айдаров