Областтык жыйын
2023-жылдын 22-февралында Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин кеңейтилген аппараттык жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөнкү малелелер каралды:
1. Кыргыз Республикасынын “Жарандарды кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” (Бишкек шаары, 2007-жылдын 4-майы №67) мыйзамынын жана Борбордук Комитеттин 2023-жылдын 14-февралындагы №01-8/26 катынын талаптарын кесиптик бирлик уюмдарында аткарылышы тууралуу;
2. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2023-жылдын 27-январындагы №23/1 токтому менен бекитилген “Маалымаат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук,шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагын уюштуруу жана өткрүү тартиби жөнүндө Жобосунун” негизинде иштерди уюштуруу тууралуу.
Областтык кесиптик бирликтин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов 1-маселе боюнча сүйлөп, анда: тармактык кесиптик бирлик мүчөлөрүнөн түшүп жаткан кайрылуулар менен иштөөнү жакшыртуу чараларына кеңири токтолду.
2-маселе боюнча областтык кесиптик бирликтин укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров кесиптик уюмдарда маалымат иштерин уюштуруу иштерине Борбордук Комитетет тарабынан өзгөчө маани берилип, республикалык кароо-сынак жарыялангандыгын белгиледи. Кароо-сынакты облуста уюштуруу чаралары тууралуу сунуштарын билдирди.
Жыйында Таш-Көмүр шаардык кесиптик билик комитетинин төрайымы М.Утурбаева кун тартибиндеги маселелер боюнча шаардык кесиптик бирлик комитетинде аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, ой-пикирлерин айтты.Каралган маселелер боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов сүйлөп, Борбордук Комитет тарабынан телеграмм каналында баракча ачылып, суроо-кайрылууларга жоопторду берилиши керектигин белгиледи.
Борбордук комитеттин 2023-жылдын 14-февралындагы №01-8/26 катынын талаптарын кесиптик бирлик уюмдарында аткаруу менен мүчөлөрдүн көгөйлөрүн өз убаганда карап, чечүү милдеттерин кесиптик уюмдардын төрагаларына тапшырылды.
Жыйында каралган меселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров