Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад обкомунун президиумунун жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 21-майында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин жаңы чакырылышынын президиумунун биринчи өтүрүмү болуп өттү. Жыйынга президиумдун мүчөлөрү, райшааркомдордун төрагалары, обкомдун жооптуу кызматкерлери катышышты.

Анда төмөнкү маселелер талкууланды:
1. Жалал-Абад обкомунун 2021-2025-жылдар үчүн перспективалык иш планын бекитүү жөнүндө.
2. “Мыкты жаш профлидер-2021” облустук кароосунун Жобосун бекитүү жөнүндө.
3. Кесиптик бирликтин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу(ишенимдүү) адамдары (коомдук инспекторлор) жөнүндөгү ТИПТҮҮ ЖОБОсун бектитүү жөнүндө.
4. Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин областтык VII конференциясында делегаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды ишке ашыруунун иш-чараларын кабыл алуу жөнүндө.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 12-майындагы №1 протоколун ишке ашыруу, билим берүү кызматкелерин жана балдарды “Жайкы эс алуу-2021” иш-чараларын бекитүү жөнүндө.
6. Ар түрдүү маселелер.

Кун тартибиндеги маселелерди талкуулоодо райшааркомдордун жана окуу жайлардын төрагалары активдүү катышышып, баалуу сунуш пикирлерин билдиришти.

Каралган маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

Жыйынды областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктады.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОблКБКнын инспектору А.Айдаров