Жалал-Абад обкомунун президиумунун отуруму
2023-жылдын 27-январында Жалал-Абад обкомунун жылды жыйынтыктоочу жыйыны болду. Жыйынга обкомдун президиумунун мүчөлөрү жана жооптуу кызматкерлери катышты. Президиум отурумунда төмөнкү маселелер талкууланды.
1. 2022-жылда аткарылган иштердин маалыматы жана жыйынтыктары. 2023-жылдын негизги багыттары жана милдеттери. Обкомдун 2023-жыл үчүн иш планын бекитүү.
2. 2022-жылдын кароо-сынактарынын жыйынтыктары жөнүндө.
3. Райшааркомдордун жана окуу жайдын кесиптик комитеттеринин Борбордук Комитеттин сайты менен иштөөнүн жыйынтыктары жөнүндө.
4. Борбордук комитеттин 2022-жылдын 22-декабрындагы президиумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө.
5. Обкомдун 2022-жылдагы сметасын аткарылышы жана 2023-жылга сметаны бекитүү жөнүндө.
6. 2023-жылга санаторийлерге, пансионаттарга жана эс алуучу мекемелерге жолдомолорду бөлүштүрүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, ЖАМУнун төрайымы М.Маткаримова, обкомдун инспектору А.Айдаров сүйлөп, баалуу сунуштарын беришти. Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
Президиум отурумун обкомдун төрагасы А.Исмаилов башкарды жана алып барды.
Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров