Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакшы эс алуу жаңы ийгиликтерге шыктандырат

Таң эртелеп шаша-буша райондук билим берүү бөлүмүнүн алдына чогулган билим берүү кызматкерлеринин маанайлары көтөрүңкү, жүздөрүндө күлкү уялап, шаңдуу. Мындай маанайдын жаралышына себепкер Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин демилгеси.

Анткени пандемия шартында талыкпай эмгектенген мугалимдердин бир жылдык эмгегин баалап, аларга шарт түзүп, 3 күнгө Базар-Коргон районундагы Кыргызстандын эң бир кооз жерлеринин бири болгон Арстанбап жергесине эс алууну уюштуруп, кызматкерлердин жол акысын, жатаканасын,тамак-ашын толугу менен каржылоо жагын колго алышкан.

Заматта эле чубалышкан чакан бусик автоунаалары келип токтоп, бат эле толо түшкөн эс алуучулары менен Арстанбапты көздөй жол алды. Автобустун ичи ыр, күлкү, кыраан-каткырык менен  Арстанбап жергесине кирип бардык. Мына кооздук, сулуулук, жаратылыш деп ушуну айт. Бах, суусун ичсен моокумун канат. Абасы таза. Бизди Арстанбап  турбазасынын жетекчиси баш болгон кызматкерлер жылуу тосуп алышып, бардык шарттары бар, чакан коттедждерге жайгаштык.

Түшкү тамак мезгилинде турбазанын жетекчиси сөз сүйлөп, көңүлдүү эс алуубузду каалап,  бардык кызматкерлерге атайын эс алуучу жайдын төш белгилерин тапшырды. Төш белги аркылуу бий аянтына жана бассейнге акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Арстанбап жергесинин кооздугун ачкан чоң жана кичине шаркыратмаларына барып, зыярат кылып, жаңгак токойлорун аралап селкинчек тээп, атайын жасалган көлмөлөрдөн балык уулап эс алууну көңүлдүү өткөрдүк.

Эс алуунун экинчи күнүндө Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобаев Нурбек Курманбекович менен бирге Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдаровичтер келишип көңүлдүү эс алуу каалап, кабар алып кетишти.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн директорлор корпусунун жетекчиси Исмаилов Таалай, аксакал жетекчилерден  Сарымсаков Полотжан, Мамутова Замира эжекелер бизге атайын көңүл болуп, шарт түзүп эс алдыруу менен бирге, бизден кабар алып барган жетекчиликке чоң ыраазычылыктарды билдиришип мындай  жакшы эса алуу жаны ийгиликтерге шыктандырарын белгилешти.

Жалпы барган эс алуучулар жүздөрүндө кубаныч менен көңүлдүү, эстен чыккыс эс алуу болгондугун айтышып, келерки жылы да ушундай эс алуулар көп болушун каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен району, №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын директору П.Аджибекова