Жайыл райондук комитетинин XIX отчеттук кайра-шайлоо конференциясы
2024-жылдын 5-ноябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жайыл райондук комитетинин XIX отчеттук кайра-шайлоо конференциясы болуп өттү.
Конференцияга Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.К Арыков, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин уюштуруу жана социалдык-экономикалык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Б. А.Намазбекова, каржы бөлүмүнүн башчысы Н. К. Абикова, пленум мүчөлөрү жана 48 делегат катышышты.
Конференцияда кесиптик бирликтин Жайыл райондук комитетинин төрайымы Р. М. Бадачиеванын 2019-2024 жылдарда аткарган иштери тууралуу отчету жана текшерүү комиссиянын билдирүүсү угулду.
Жыйындын жүрүшүндө делегаттар Жайыл райондук комитетинин докладын канааттандырарлык деп табышып, конференцияда райондук комитетинин жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамы бекитилди.
Кесиптик бирликтин жаңы төрагалык кызматына Бадачиева Рахат Медетовнанын талапкерлиги кайрадан сунушталып, делегаттар ачык добуш берүү менен бир добуштан шайлашты.
Пленум мүчөлөрү Бадачиева Рахат Медетовнаны төрагалык кызматы менен куттукташып, кесиптик бирликтеги мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.
Төрайым Бадачиева Рахат Медетовна пленум мүчөлөрүнө ишеним көрсөткөндүктөрдү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик бирлик комитетинин мындан аркы ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытында иштей тургандыгын убадалады.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жайыл райондук комитети