«Жайлоо-балдар бакчасында көңүлдүү эс алуулар»
Аксы районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүндө «Чер жайлоо балдар бакчасында» тарбиялык иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп,тарбиячылырдан башка дагы айыл аксакалдары,колунан көөрү төгүлгөн усталар,уздар,комузчу,ж.б.у.с. өнөрпоздор келип балдарыбызга сабак өтүүдө.Бүгүнкү күндө кыргыз элибиздин унутулуп бара жаткан каада-салттарын,улуттук оюндарын үйрөтүү менен бирге жомок,макал-лакаптарды жана кызыктуу аңгемелерди өтүү менен балдарыбызга кызыктуу сабак өтүүдө.
Бул жайлоо бакчасында балдарыбыз билим тарбия гана албастан табигаттын кооз жеринде,таза абада дем алышып,экологиялык таза тамактар менен(кымыз,сүт,айран,каймак бал ж.б) тамактанышып көңүлдүү эс алып,ден соолугун чыңдап кайтышат.Бул жайлоо балдар бакчасын уюштурууда Таң-шооласы №21 м.ч.б.б.уюмунун директору Асанова Кенжегүлдүн иш аракеттери мактоого татырлык. «Чер жайлоо балдар бакчасында» эс алган балдардын ата-энелери жана айыл тургундары жайлоо балдар бакчасын уюштурган уюштуруучуларына жана Аксы районунун мамлекеттик администрациясына,Аксы РБББнө,Ак-Суу айыл өкмөтүнө жана Таң-шооласы №21 м.ч.б.б. уюмунун кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришет.
Маалыматты даярдаган:Аксы райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо инспектору:М.Өмүрбекова