«Жайкы эс алуу-2022»
Ар бир кесиптик бирлик мүчөсүнүн көнүлдүү эс алуусуна, ден соолугунун чың болушуна кам көрүү кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети окуу жайындагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен биргелешип “Жайкы эс алуу-2022” деген аталыштагы программанын алкагында иш-чараларды белгилешкен. Азыркы учурда кыска мөөнөттүү жамааттык эс алуулар уюштурулууда. “Арстанбап”,“Кызыл-Үңкүр”, “Муздак Булак”, “Кара-Алма”, ”Көк-Жаңак” жана “Шор-Булак” эс алуу комплекстеринде кызматкерлердин эс алуусу үчүн мүмкүн болгон аракеттер жасалууда.
Ал эми Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети менен Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ыссык-Көл” санаторийинин жетекчилигинин ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде комитеттин төрайымы М.Маткаримованын жетекчиилигинде, “Жаштар кеңешинин” төрагасы А.Усенов жана экономикалык-юридикалык факультеттин кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Н.Мусакуловдордун уюштуруусу менен университеттин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кыркка жакын мүчөлөрү кесиптик бирликтин каржылоосу боюнча 2022-жылдын 4-8-июль күндөрү эс алыпкайтышты. Алар эс алуу абдан көңүлдүү өткөндүгүн белгилешип, таттуу тамактандырып, таза, ийкемдүү тейлеген санаторийдин жамаатына, жолдун алыстыгына карабай ыңгайлуу транспорт таап, кызыктуу программа боюнча эс алдырган окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Ш.Маткаримовага жана жамаатына терең ыраазычылык билдиришти.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова