Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жагымдуу жайкы эс алуу

Ар бир кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн кам көрүү, жакшы шарттарды түзүп берүү, анан ичинде алардын эс алуусун уюштуруу бул кесиптик бирликтин жүргүзгөн ишине байланыштуу.

2022-жылдын апрель айынан баштап профсоюздук взностун элүү пайызынын мектептерге берилиши өтө чоң, кубанычтуу да, жоопкерчиликтүү да иш болду. Бул бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү жана максаттуу пайдалануу үчүн мектеп жетекчилиги, кесиптик бирлик уюму менен биргеликте талкууланып, бир жылда майрам күндөрүн, жамааттык жайкы  эс алууга жумшоодон башка да жыл сайын мугалимдер тобун кыска мөөнөттүү эс алууга жөнөтүп турууну макулдашышты. Ошол токтомдун негизинде критерийлер да иштелип чыкты. Ошентип быйылкы окуу жылында Аксы районунун Кербен шаарындагы Т.Үмөталиев мектебинин алты мугалими жол киреси, тамак-ашы, жатаканасы ичине камтылган беш күндүк путевка менен Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Рахат пансионаты менен келишим түзүлүп, эс алууга кетишти. Пансионаттын жетекчилиги ыңгайлуу  транспорт менен барып келүү коопсуздугун камсыздоо менен, эс алуу  үчүн  жагымдуу шарттарды түзүп беришип, жылуу кабыл алгандыгын айтышты. Бул уюштурулган эс алуу үчүн аябай кубанычта экенин жашырбай, мектеп кесиптик бирлик комитетине  ыраазычылык билдиришти.

“Чындыгында көлгө бирге иштеген коллегаларым менен келип, мындай көңүлдүү эс алам деп ойлогон эмесмин. Ушундай эс алууну уюштуруп берген мектептин кесиптик бирлик уюмуна ыраазычылык билдирем” – деди Я.Урустемова.

Андан тышкары, “Аябай көңүлдүү жакшы эс  алып жатабыз. Биздин эмгегибизди баалап, көлгө эс алууга жөнөтүшкөн коллективибизге жана кесиптик бирлик уюмуна чоң рахмат” – деди Г.Калчороева.

Мына ушундай жагымдуу ыраазычылык сөздөрдү угуу мектеп профкомдору үчүн эң чоң сыймык жана андан аркы ишине чоң өбөлгө болот десек жаңылышпайбыз.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Үмөталиев мектебинин КБКнын төрайымы Н.Сейдилова