Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөн районунда областтык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

2025-жылдын 20-мартында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С. Апбасов Республикалык олимпиаданын облустук этабында байгелүү орундарга жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерине райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Иш-чарада ошондой эле, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан да олимпиадада ийгиликтүү натыйжаларга жетишкен окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдердин эмгегин баалоо максатында  Ардак грамоталар жана  акчалай сыйлыктары тапшырылды.