ӨЗГӨН РАЙОНДУК КЕСИПТИК БИРЛИК КОМИТЕТИ : жаңы төрага жана жаңы демилгелер
2025-жылдын 19-февралында Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ХХIХ отчеттук кайра-шайлоо конференциясы болуп өттү.
Конференцияга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ысакбек Качыбеков, Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлү Азизбек Рысбаев, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Мусабай Примкулов жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынан шайланган 159 делегат катышышты.
Конференциянын жүрушүндө Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы И.Мырзамидинов 2019 – 2024 - жылдар аралыгында аткарылган иштер боюнча доклад жасады.
Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттар райондук кесиптик бирликтин 2019 – 2024 - жылдар аралыгында аткарган иштерин алгылыктуу экендигин баса белгилешип, канааттандыраарлык деген баасын беришти.
Ал эми Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитетинин жаңы төрагалык кызматына делегаттардын жалпы колдоосу менен Бөлөкбаев Артык Ысмаилович шайланды.