Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Ата районунда мугалимдердин спартакиадасы жыйынтыкталды

40 жаштан кийинкилер жана 40 жашка чейинкилер арасында мини футбол, волейбол, аялдар арасында волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча мугалимдер алты топко бөлүнүп оюн көрсөтүштү.

Оюндун жыйыныгында 1-орунга "Ала-Тоо” командасы, 2-орунга “Тогузак” командасы, 3-орунга "Ак шумкар” командасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев жана билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова кубокторду тапшырышып, спартакиаданын жыйынтыкталышы менен куттукташып, ыраазычылык билдиришти.

Оюнчуларга билим берүу кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылып, ысык тамак да уюштуруп берилди.

Ошондой эле спартакиаданын өтүшүнө көмөк көрсөткөн үч мектептин директорлоруна ыраазычылык айтылып, белектер тапшырылды. Каржылоо 130,0 миң сомдон ашыгыраак, толугу менен райондук кесиптик бирлик комитетинин эсебинен каржыланды.

 

Маалыматты даярдаган: Ысык-Ата райондук КБКнын төрайымы Б.Тыныбекова