Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЫСЫК-АТА РАЙОНДУК КЕСИПТИК БИРЛИК КОМИТЕТИНИН VIII ОТЧЕТУ: Жаңы шайланган төрайым

2025-жылдын 14-февралында Кант шаарындагы А.Мурсабаева атындагы № 4 орто мектебинин гимназиясында Ысык-Ата райондук билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин VIII отчеттук- кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга КР Билим дана илим кызматерлеринн кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М. Примкулов, Борбордук комитеттин каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова жана  60 делегат катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Б.Тыныбекова кесиптик бирлик комитетинин ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча маалымат берип, 2020-2024-жылдар аралыгында жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча отчётун берди. Анда билим берүү кызматкерлеринин укуктарын коргоо, социалдык жардам көрсөтүү, эс алуулар, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө болгон кирешелердин жана чыгашалардын негизги багыттары, уюштурулган иш-чаралар тууралуу ж.б маалымдамалар берилди.

Конференцияда текшерүү жана мандаттык комиссиялардын отчеттору угулду, анда өткөн мезгил аралыгындагы иш-чаралардын аткарылышы, бюджеттин пайдаланылышы, жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн кызматтар боюнча баяндама жасалды.

Конференциянын жүрүшүндө төрайымдык кызматка делегаттар тарабынан Динара Камбарова сунушталып, жыйынтыгында Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  төрайымы болуп бир добуштан Камбарова Динара Мурадовна шайланды.

Жаңы шайланган төрайым кесиптик бирлик комитетинин алдына коюлган бардык максаттарга жетүү үчүн күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирип, мүчөлөргө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, келечекте кесиптик бирликтин ишин жандандыруу жана билим берүү кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлө турганын белгиледи.

Жыйындын соңунда, кесиптик бирлик мүчөлөрү мурдакы төрайым Б. Тыныбекованын кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндө жакшы денгээлде иш алып баргандыгын белгилешти. Анын жетекчилиги астында кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарынын корголушу жана кызыкчылыктарынын камсыз болушу жаатында аткарган иштерин жогору баалашып,  анын эмгегин урматтап, узатышты.