Ыйык туубуз , ыйык калпагыбыз!
Жаштарга жогорку билим, жакшы тарбия жана патриоттуулука үндөө максатында, 4- март “желек күнүнө” жана 5- март “ак калпак” күнүнө карата, ОшТУда жакшы иш саамай болуп өттү. ОшТУнун Технологиялык колледжинин студенттери мамлекетибиздин жана ОшТУнун туусун желбиретип кармашып, тех. колледждин корпусунан ОшТУнун башкы корпусуна чейин жөө жүрүш жасашты. Бул иш-чарада ОшТУнун ректору т.и.д. профессор А.О.Абидов катышкандарды куттуктап, жаштардын окууларына ийгилик, мамлекетибизге тынчтык жана өнүгүп өсө берүүсүн каалап кетти.
ОшТУнун бириккен профсоюз
комитетинин төрагасы А.К.Арзыматов