Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

XXXI отчеттук кайра шайлоо конференциясы

2023-жылдын 18-январында билим жана илим кызматкерлеринин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аламүдүн райондук комитетинин XXXI отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Аталган шайлоо Аламүдүн районундагы И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында болуп өттү.

Конференцияга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Шеркулова, райондун билим берүү уюмдарынан шайланган 38 делегат жана чакырылган баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары катышышты.

Конферецияда Аламүдүн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Намазбекова 2018-2022-жылдарда аткарган иштери тууралуу өз докладын кеңири слайд менен тааныштырды.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин финансылык ишмердүүлүгү боюнча текшерүү комиссиянын отчету угулуп, делегаттар тарабынан жактырылып, ал отчет эске алынды.

Талкууга катышкан делегаттар комитеттин аткарган иштерин алгылыктуу экенин баалап, отчеттук мезгилдеги ишмерүүлүгүнө канааттандыраарлык деген бааларын беришти.

Конферецияда райондук комитеттин жана текшерүү комиссиясынын жаңы тутумдары шайланды. Катышкан делегаттардын ачык добуш берүүсү менен Аламүдүн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымына кайрадан Намазбекова Бактыгуль Асанкуловнанын талапкерлигин сунушташып, бир добуштан ишеним көрсөтүштү.

Конференцияда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кесиптик бирликтин борбордук комитетинин “Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен 5 алдыңкы кесиптик бирликтин активин сыйлады жана райондук комитеттин жаңы курамын, төрайым Б.Намазбекованын ишенимге ээ болуулары менен куттуктап, тармактык кесиптик бирликтин алдында турган жаңы милдеттер тууралуу кеңири токтолду.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети