XVII Эл аралык коомдук – педагогикалык технологиялардын жарманкеси
2018-жылдын 27-31-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Белгород шаарында коомдук-педагогикалык технологиялардын эл аралык жарманкеси болуп өттү. Анда Россия Федерациясынын 16 регионунан өкүлдөр катышышты.
№ 14 Губкин атындагы орто мектебинин директору А.Орозова, № 12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин директору Г.Султанова, №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин директору Ж.Каримкулова, №14 “Нооруз” балдар бакчасынын директору Ш.Мендикулова Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жетектеген Ноокендик делегация да бул жарманкеден четте калган жок. Биздин делегация барып катышып, тажрыйба алмашып кайтышты.
Жарманкеде билим берүүдө заманбап жаңы технологияларды пайдалануу тажрыйбасы, презентациялар, мастер-класстар, көргөзмөлөр уюштурулуп, көрсөтүлдү. Анын негизги максаты билим берүүдө жана тарбиялоодо сапаттуу жана жогорку көрсөткүчтөргө жетүү.
Азыркы күндө жарманкеге барып катышып келген билим берүү кызматкерлери тарабынан тажрыйба жайылтуу иштери башталды.
Делегаттар жарманкеге барып катышып келүү үчүн шарт түзүп, жол каражаттарын чечип бергендиги үчүн Кочкор – Ата шаарынын мэри – Жумаев Алтынбек Токтомуратовичке, Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы - Султанов Махаматали Жоробаевич, Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы – Эгембердиев Жакшылык Насипбековичке, Ноокен райБББнө, Ноокен рай КБКга өз ыраазычылыктарын билдиришет.
Ноокен рай КБК нын төрагасы К. К. Нышанов