Волейбол боюнча мелдеш болуп өттү
Билим жана илим кызматкерлеринин Ак-Талаа райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Ага билим берүү тармагындагы айымдар жана Ак-Талаа райондук кесиптик бирлик комитетинин аппарат кызматкерлери болуп 22 команда катышты.
Жыйынтыгында, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ак-Талаа райондук комитетинин төрагасы У.Жылтыров сөз сүйлөп, орун алган командаларга акчалай сыйлык жана баалуу белектерди райондук комитеттин атынан тапшырды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ак-Талаа райондук комитети